1 Болум


Коррупция жана кызыкчылыктардын кагылышуусу деген эмне?

«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык коррупция бул бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым адамдар же топтор менен материалдык, кандай болбосун башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч түзүүчү укукка каршы туруктуу байланыштарды түзүүдө атайылап жасалган жосун.

"Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, кызыкчылыктардын кагылышуусу бул конкреттүү органдын укуктук милдеттенмелеринин же кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыктарынын ортосундагы, анда анын жеке кызыкчылыгы ал тараптан өзүнүн кызматтык милдеттенмелерин аткаруусуна терс таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон кагылышуусу. Кыргызстандын тажрыйбасы, ар түрдүү деңгээлдердеги башкарууну өнүктүрүү так жазылып коюлган жол-жоболорсуз жана бийлик ыйгарым укуктары бар болгон адамдардын чектөөлөрүсүз, мамлекеттик өзүнүн бар болушунун чакырыктарына жана коркунучтарын өсүп кете турган олуттуу коррупциялык тобокелдиктерди алып жүрө тургандыгын көрсөтүүдө.

Коррупциянын деңгээли жогору болгон өлкөдө, экономтканын натыйжалуулугу төмөндөйт, жакырчылык жана социалдык теңдешсиздик күчөйт, коом менен бийликтин ортосундагы карама-каршылыктар өсөт, саясат улуттук байлыкты бөлүштүрүү чөйрөсүнө айланат, нравалуулук жыдый баштайт, өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркы төмөндөйт. Дал ошондуктан Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруунун жогорку органдары дагы, жарандар дагы ушул кубулуш менен күрөшүүнүн зарылдыгын аңдап түшүнүшөт. Ушуга байланыштуу ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнүн , анын ичинде мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мамлекеттик бийликтин жана ЖӨБОлордун ишмердигиндеги потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышуусуна мониторинг жүргүзүү жана алдын алуудагы ролу жана катышуу даражасы дагы өсүп чыгууда.

Мамлекеттик органдардын Коомдук Кеңештери жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор менен өз ара аракеттенишүү жана кызматташуу үчүн калыптанган институттар болуп саналышат, алар мамлекеттик органдардын ишмердигинин үстүнөн Мыйзамда белгиленген тартипте жана алардан көз карандысыз, ачык жана коомдун кызыкчылыктарында коомдук мониторингди жүзөгө ашырышат.

Муну эске алуу менен, дал ушулар жарандардан жана алардын бирикмелеринен жер-жерлердеги кызыкчылыктар кагылышуусу менен кырдаал тууралуу маалыматты топтоодо жана мамлекеттик органдардын жетекчилиги алдында маселени коюуда олуттуу ролду ойной алышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү төмөнкү негизги принциптерге негизденет:

1) адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга жана коргоого;

2) мыйзамдуулукка;

3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгына жана айкындуулугуна;

4) теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий жана диний ишенимдери, же кандайдыр бир жеке же коомдук мүнөздөгү шарттары жана абалдары боюнча кандайдыр бир кодулоого, укугун жана эркиндигин кемсинтүүгө жол бербөөгө;

5) инсандын жана жарандын аброюн, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоону камсыз кылууга;

6) мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун ишин регламенттөөнү, алардын ишинин мыйзамдуулугун жана маалымдуулугун, аларга мамлекеттик жана коомдук көзөмөлдөөнү укуктук жөнгө салууну камсыз кылууга;

7) мамлекеттик аппараттын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппаратынын түзүмүн, кадр иштерин жама мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуучу маселелерди чечүүнүн жол-жоболорун өркүндөтүүгө;

8) жеке ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарды мындай иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө жол бербөөгө;

9) коррупциялык укук бузууларды жасаганы үчүн жоопкерчиликтин шексиздигине;

10) коррупция менен байланышкан укук бузуулар менен күрөшүүдө көмөк көрсөткөн жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга;

11) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, жарандык коом институттары жана жеке жактар менен өз ара кызматташуусуна.

Коррупцияга каршы аракеттенүү - мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын, уюмдардын жана жеке жактардын өз ыйгарым укуктарынын чектериндеги төмөнкү иши:

1) коррупциянын алдын алуу, анын ичинде коррупцияны табуу жана андан ары коррупциянын себептерин четтетүү (коррупциянын алдын алуу) боюнча;

2) коррупциялык укук бузууларды табуу, аларга бөгөт коюу, ачуу жана териштирүү (коррупция менен күрөшүү) боюнча;

3) коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуу, жоюу боюнча;

4) коррупциялык укук бузууларды табууга, алардын алдын алууга, аларга бөгөт коюуга, ачууда жана териштирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча.

Кызмат адамдар төмөнкүлөр болуп саналат:

- мамлекеттик саясий, атайын жана административдик кызмат орундарында иштегендер;

- муниципалдык саясий жана административдик кызмат орундарында иштегендер;

- ишканалардын кызмат адамдары.

Кызмат адамдар өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда жеке кызыкчылыктарын эске албастан, коомдук кызыкчылыктарды эске алып, тийиштүү чөйрөдөгү мыйзамдарга жана мамлекеттик саясатка таянуу менен, чечимдерди кабыл алууга жана сунуштамаларды берүүгө милдеттүү.

Кызмат адамдар төмөнкүлөргө укуктуу эмес:

- өздөрү ишке ашырып жаткан иштерге байланыштуу кызматтык маалыматтарды жеке кызыкчылыгы үчүн колдонууга же колдонулушуна жол берүүгө;

- өзүнүн кызматтык абалын кирешелерди же башка пайдаларды алуу үчүн түздөн-түз же кыйыр түрдө пайдаланууга;

- кандайдыр-бир мамлекеттик же муниципалдык мүлктөрдү жеке кызыкчылыгы үчүн түздөн-туз же кыйыр түрдө пайдаланууга;

- мурда ээлеген мамлекеттик кызматтарынын артыкчылыктарын колдонууга.

Коррупциялык укук бузууларды табуу, аларды алдын алуу жана бөгөт коюу жана аларды жасоого күнөөлүү адамдарды өз компетенциясынын чектеринде жоопкерчиликке тартуу укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Президенти коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктайт.

Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана башка адамдардын курамында консультациялык-кеңеш берүүчү органдар (мындан ары - коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ишти координациялоо боюнча органдар) түзүлүшү мүмкүн.

Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ишти координациялоо боюнча органдардын чечимдери Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен ишке ашырылат.

Коррупциялык укук бузуулар жасалганы жөнүндө маалыматтарды алганда, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ишти координациялоо боюнча органдар аларды мындай маалыматтарды текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп берет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мыйзамдарды кароону жана кабыл алууну камсыз кылат, ошондой эле алардын аткаруу бийлик органдары тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чектеринде аткарылышын көзөмөлдөйт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлик органдарынын ортосунда негизги иш-милдеттерди жана милдеттерди бөлүштүрөт.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор өз ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупция менен күрөшүү маселелери боюнча ишин координациялайт, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумундагы коррупциянын абалы жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана талдоону жүзөгө ашырат, көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугуна, улуттук коопсуздукка коррупциядан келип чыккан коркунучтардын даражасына баа берет, ал эми зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кароосуна тиешелүү сунуштарды киргизет, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттары же Интернет-ресурстар аркылуу калк арасында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча укуктук пропаганданы, билимдердин кеңейишин жана таралышын жүзөгө ашырат.

Укук коргоо органдары, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын, кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жөнүндө же жөнгө салуу жөнүндө талаптар сакталбаганы же болбосо коррупцияга каршы аракеттенүү максатында белгиленген милдеттердин аткарылбаганы жөнүндө өздөрүнө белгилүү болуп калган фактыларды прокуратура органдарына жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.