Долбор туралуу

Кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу боюнча аралыктан өтүүчү тренинги Кыргызстандын региондорунан чогултулган турмуштан алынган чыныгы мисалдар жана кырдаалдарга негизделген.

Аралыктан өтүүчү тренинг эмнеси менен айырмаланат? Сиз окуунун узактыгын жана күндөлүк сабактарды өтүү үчүн ыңгайлуу учурду өзүнүз тандайсыз.

Аралыктан өтүүчү тренинги кийинкилерди камтыйт:
- Тренингдин толук видеокурсу (Башкы бетте жайгашкан)
- 5 теманын ар бири боюнча видеофрагменттери ( "Курстар" терезечеси)
- Тексттик файлдар (видео фрагментинен кийин окусаңыз болот)

Видео жана тексттик материалдар бири-бирин кайталабайт, тескеринче толуктайт. Бул чыныгы тренингден жазылып алынган видео окутуу экенин белгилей кетүү керек.

Бул мини-сабактардан жана анын сынак суроолорунан турган, кадимки окутуу болуп саналат. Окутуу сынак тестин камтыйт. Эгер калаасаңыз, окутууну (тренингди) аяктаганыңыз тууралуу күбөлүк алсаңыз болот.

Ар бир курстун аягында контролдук суроолорго жооп берсеңиз болот, ар бир тема боюнча бештен суроо бар. Бардык темалардын контролдук суроолоруна туура жооп берсениз экзамендик тесттен өтүүгө мүмкүнчүлүк аласыз . Суроолордун жообу бирөө болушу мүмкүн (тоголок менен белгиленген), ошондой эле бир нече да болушу мүмкүн (төрт бурчтуу сүрөтчөсү менен белгиленген).

Экзамендик тест - бул бардык темалар боюнча он суроодон турат. Тесттен ийгиликтүү өтүү үчүн жети суроого туура жооп бериш керек.

Тренингди өткөндүгүңүз тууралу күбөлүк сиз көрсөткөн электрондук дарекке жөнөтүлөт, же кааласаңыз күбөлүктү жөн гана жүктөп алып андан кийин басып чыгарып алсаңыз болот.

Эгер Сиз күбөлүккө мөөр бастыргыңыз келсе, Коомдук технологиялар борбору менен байланышсаңыз болот (Коомдук технологиялар борборунун электрондук дареги: cpp.bishkek@gmail.com

Эскертүү, система өзү автоматтык түрдө каттоо учурда киргизилген аты-жөнүн киргизет. Реквизиттерди "Жеке кабинетинде" өзгөртүүгө болот.