Биздин долбоор тууралу


Коомдук технологиялардын борбору (КТБ) USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда “Мамлекеттик органдарда таламдардын кагылышын болтурбоодо коомдук кеңештердин ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында тренингдердин сериясын аяктады.

 

Долбоордун алкагында КТБ 11 тренинг өткөрдү, андан мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин (МОКК), мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн кошо алганда, 200дөн ашык адам окуудан өттү. Тренерлер таламдардын кагылышуусу боюнча реалдуу тажрыйбадан кейстерди карап, таламдардын кагылышуусунун концепциясын жана учурдагы укуктук базаны түшүндүрүп беришти. Тренинг аяктагандан кийин ар бир катышуучу алардын күнүмдүк ишинде таламдардын кагылышуусунун потенциалдуу мүмкүндүгүн аныктоого жардам берүү максатында практикада колдонуу үчүн долбоордун алкагында иштелип чыккан кейстердин жыйнагын алды.

 

“Биз таламдардын кагылышы боюнча жогорку деңгээлде өткөрүлгөн семинар-тренингдин уюштуруучуларына ыраазыбыз. Мен ченемдик укуктук база жөнүндө зарыл маалымат алдым, ошондой эле талкуулоолорго, сунушталган кейстерге катыштым. Спорт агенттигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү катары мен үчүн таламдардын кагылышын аныктоо жана болтурбоо боюнча башка уюмдардын тажрыйбасы абдан пайдалуу болду, биздин тренерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Чакырганыңыздар үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем жана мындан ары да кызматташабыз деп ишенем” деп билдирди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктиктин (Спорт агенттиги) Коомдук кеңешинин төрагасы Анара Касмалиева.

 

Бул аралыктан өтүүчү тренинги Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын гранты аркылуу Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлигинин (DFID) финансылык колдоосунда АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги аркылуу көрсөтүлгөн Америка элинин жардамы менен мүмкүн болду. Жарыялоонун мазмуну үчүн жоопкерчилик Коомдук Технологиялардын Борбору мекемесине жүктөлөт жана USAIDдин, АКШнын Өкмөтүнүн же Ист-Вест Менеджмент Институтунун позициясын чагылдырбайт.